Жардам

SalamPay деген эмне?

SalamPay - бул мобилдик тиркеме, анын жардамы менен комиссиясыз жана пайдалуу валюталык курс менен Өзбекстанга, Тажикстанга, Кыргызстанга, Казахстанга жана Азербайжанга акча которууларды жүргүзө аласыз.

SalamPay мобилдик тиркемесин кантип жүктөп жана орнотуп алса болот?

SalamPay мобилдик тиркемесин App Store же Play Market-ке кирип, издөө талаасына "SalamPay" деп жазып, тапкандан соң, жүктөп алсаңыз болот.
Эгер SalamPay мобилдик тиркемесин таба албай жатсаңыз, анда www.salampay.com сайтына кирип, “Орнотуу” баскычын басыңыз.

SalamPay системасында кантип каттоодон өтсө болот?

SalamPay системасына катталуу үчүн:
- App Store же Play Market аркылуу мобилдик тиркемени орнотуңуз, ошондой эле мобилдик тиркемени сайт аркылуу да орнотуп алсаңыз болот. Сайттан орнотуу үчүн www.salampay.com сайтынын баракчасына өтүү керек.
- телефонго орнотулган SalamPay мобилдик тиркемесин иштетип баштаңыз;
- тиркеменин тилин тандаңыз;
- колдонуучу келишимин кабыл алыңыз;
- телефон номериңизди жазып, "Кирүү" баскычын басыңыз;
- SMSтен келген кодду жазып, "Тастыктоо" баскычын басыңыз;
- кодду орнотуп, аны тиркеме үчүн жаттап калыңыз.
Ошондой эле Touch ID функциясын колдонсоңуз болот, бул функциянын жардамы менен мобилдик тиркемеге кирүүдө кодду жазуу талап кылынбайт.

Тиркемеде кантип телефон номерди өзгөртсө болот?

Телефон номерди өзгөртүү үчүн:
- тиркеменин ылдыйкы менюсундагы "Профиль" баскычын басыңыз;
- "Телефон номерди өзгөртүү" бөлүмүн тандаңыз;
- телефондун жаңы номерин белгилеңиз;
- жаңы номерге код менен SMS-билдирүү алыңыз;
- телефондун жаңы номери мобилдик тиркемеге кошулгандыгын тастыктоо үчүн SMSтен келген кодду жазып, тастыктоо баскычын басыңыз.

Телефонума SalamPay мобилдик тиркемеси орнотулбай жатат. Эмне кылуу керек?

SalamPay мобилдик тиркемесин iOS (10 версиясы жана жогорку) жана Android (4.4 версиясы жана жогорку) операциондук системаларына орнотуп алууга болот. Эгер орнотуу убагында кандайдыр бир кыйынчылыктар жаралса, анда SalamPay колдоо көрсөтүү чат борборуна кайрылыңыз.

Тиркеменин блоктоо кодун кантип өзгөртсө болот?

Мобилдик тиркемеге кирүүдөгү кодду өзгөртүү үчүн:
- тиркеменин ылдыйкы менюсундагы "Профиль" бөлүмүнө өтүңүз;
- "Кирүү үчүн кодду өзгөртүү" бөлүмүнө кириңиз;
- эски паролду жазыңыз;
- жаңы паролду жазып, тастыктаңыз.

Акча которууларды жүргүзүү үчүн кандай карталарды колдоно алам?

Акча которуу үчүн сизде Орусия аймагынын банкында чыгарылган карта болушу зарыл. Жогорку шартты сактаган учурда, SalamPay мобилдик тиркемеси аркылуу картаңызды колдонуп, акча которо аласыз.

SalamPay тиркемесин колдонуу үчүн интернетке туташуу керекпи?

SalamPay мобилдик тиркемесин толук кандуу колдонуу үчүн туруктуу интернет байланышы керек.

Коопсуздук

SalamPay мобилдик тиркемеси аркылуу которулуп жаткан бардык акча которуулар маалыматтык коопсуздук заманбап технологиялары менен камсыздалган. Операциялар Орусия Федерациясынын Борбордук Банкынын көзөмөлүндө турат жана №395 "Банк жана банк иштери жөнүндө" Федералдык Мыйзамына дал келет.