Жардам

Көп берилчүү суроолор

SalamPay деген эмне?

SalamPay - бул үйдөн алыс жүргөндө жакындарына кам көргөндөр үчүн атайын иштелип чыккан комиссиялык жана пайыздык чогултуулардан бош мобилдик тиркеме. Тиркеме эң өнүккөн маалыматтарды коргоо жана эсептерди төлөө системаларын колдонот - мобилдик телефондун ээсинен башка эч ким тиркемени башкара албайт.

Тиркемени колдонуу менен сиз:

  • Өзбекстанга, Тажикстанга, Кыргызстанга, Казакстанга жана Азербайжанга ыңгайлуу курс менен комиссиясыз акча которууларды жөнөтө аласыз;
  • онлайн которууларды алуу абалын биле аласыз;

Тиркемени иштетүү үчүн сиз аны мобилдик телефонуңүзга орнотуп, жөнөкөй каттоо процессинен өтүшүңүз керек

SalamPay мобилдик тиркемесин кантип жүктөп жана орнотуп алса болот?

SalamPay мобилдик тиркемесин App Store же Play Market-ке кирип, издөө талаасына "SalamPay" деп жазып, тапкандан соң, жүктөп алсаңыз болот.
Эгер SalamPay мобилдик тиркемесин таба албай жатсаңыз, анда www.salampay.com сайтына кирип, “Орнотуу” баскычын басыңыз.

Акча которууларды кайсыл жактарга жиберсе болот?

Сиз Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан, Казакстан жана Азербайжанга акча которууларды жөнөтө аласыз.

Которуунун суммасы рубль менен түзүлөт жана ал алуучуга АКШ долларында же улуттук төлөм системаларынын карталарына жөнөтүлгөндө улуттук валютада жөнөтүлөт. Которуу комиссиясыз ишке ашырылат.

Которууну жөнөткөндөн кийин, сиз которуунун абалын тиркемеден көзөмөлдөй аласыз, сизге туруктуу интернет байланышы гана керек. Которууңуз алуучуга берилгенде, сиз автоматтык түрдө бул тууралуу PUSH эскертмесин аласыз.

Акча которууну кантип жөнөтүү керек?

Акча которууну жөнөтүү үчүн тиркеменин башкы экранынын ылдый жагындагы “Которуу” баскычын басышыңыз керек. Андан кийин, телефондун экранындагы нускамаларды аткарыңыз. Эсиңизде болсун, биринчи которууну жөнөтүү үчүн сизге адамдын өздүгүн тастыктаган жеке күбөлүктүн (паспорттун) реквизиттери жана жөнөтүүчү жөнүндө маалыматты толтуруу үчүн каттоо (ВНЖ/РВП) керек болушу мүмкүн.

Которууну жөнөтүү үчүн сиз Орусияда чыгарылган каалаган банк картасын колдоно аласыз.

Акча которууну кантип алууга болот?

Которууну Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан жана Азербайжандагы SalamPay өнөктөш банктарынын бөлүмдөрүнөн ала аласыз.

Өнөктөш банктардын филиалдарынын тизмеси даректери жана байланыш маалыматтары тиркеменин "Пункттар" бөлүмүндө жеткиликтүү.

Которууну алуу үчүн алуучунун жанында паспорту болушу керек, ошондой эле которуунун номерин жана суммасын билиши керек.