Жардам

Кайсыл жактарга акча которсо болот?

Акчаны Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан, Казакстан жана Азербайжанга которсоңуз болот.

SalamPay аркылуу Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан жана Азербайжанда нак акчаны алуу үчүн акчаны кантип которууга болот?

Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан жана Азербайжанга акча которуу үчүн төмөнкүлөр керек:


- тиркеменин төмөнкү менюсунда "Которуу" баскычын басыңыз;
- “Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан, Азербайжан өлкөлөрүнө которуу” баскычын басыңыз;
- которууну каалаган өлкөнү тандаңыз;
- которуунун суммасын киргизиңиз;
- алуучунун толук аты-жөнүн киргизиңиз жана алардын тууралыгын тастыктаңыз;
- жөнөтүүчүнүн маалыматтарын киргизиңиз жана алардын тууралыгын тастыктаңыз;
- жөнөтүүдөн мурун которуунун маалыматтарын текшериңиз;
- "Төлөөгө өтүү" баскычын басыңыз;
- которуу үчүн акча каражаты чечиле турган банк картасынын реквизиттерин киргизиңиз;
- картадан акча каражаттарынын алынгандыгын тастыктаңыз (банктан алынган SMS билдирүүнүн кодун киргизүү менен);
- которуу жөнүндө алуучуга билдириңиз.

SalamPay аркылуу УЗКАРТ, ХУМО, КОРТИ МИЛЛИ, ЭЛКАРТ карталарына кантип акча которууга болот?

Сиз өлкөгө жараша улуттук төлөм системаларынын карталарына акча которо аласыз. Которуунун суммасы рубль менен чечилет, ал эми алуучунун картасына улуттук валютада түшөт. Которуу жиберүү үчүн:

- тиркеменин төмөнкү менюсунда "Которуу" баскычын басыңыз;
- "УЗКАРТ, ХУМО, КОРТИ МИЛЛИ, ЭЛКАРТка которуу" баскычын тандаңыз;
- которуунун суммасын рубль же улуттук валютада көрсөтүңүз жана "Эсептөө" баскычын басыңыз;
- картага жөнөтүлө турган улуттук валютадагы сумманы тастыктаңыз;
- которуу түшүү үчүн алуучунун картасынын номерин көрсөтүңүз;
- алуучунун толук аты-жөнүн киргизиңиз жана алардын аныктыгын тастыктаңыз;
- жөнөтүүчүнүн маалыматтарын киргизиңиз жана алардын аныктыгын тастыктаңыз;
- жөнөтүүдөн мурун которуунун маалыматтарын текшериңиз;
- "Төлөөгө өтүү" баскычын басыңыз;
- которуу үчүн акча каражаты чечиле турган банк картасынын реквизиттерин киргизиңиз;
- картадан акча каражаттарынын алынгандыгын тастыктаңыз (банктан алынган SMS билдирүүнүн кодун киргизүү менен);
- которуу жөнүндө алуучуга билдириңи

Өзбекстанда, Тажикстанда, Казакстанда жана Азербайжанда накталай акча алуу үчүн которуулардын суммасына чектөөлөр

  • Эл аралык акча которуунун минималдуу суммасы - 10 АКШ доллары же орусия рубль эквивалентинде.
  • Эл аралык бир акча которуунун максималдуу суммасы - 100 000 орусия рубли.
  • Эл аралык акча которуунун бир суткадагы максималдуу суммасы - 1200 АКШ доллары же орусия рубль эквивалентинде.
  • Эл аралык акча которуунун бир айдагы максималдуу суммасы - 1200 АКШ доллары же орусия рубль эквивалентинде.

Өзбекстандын, Тажикстандын, Казакстандын жана Азербайжандын банктарында накталай акча которууну кантип алууга болот?

Акча которууну SalamPay компаниясынын банк-өнөктөштөрүнүн бөлүмдөрүнөн алсаңыз болот. Которууну алуу үчүн алуучуда паспорт болуп, которуунун суммасын жана номерин билүүсү абзел. Тиркемеде которууну жиберип жатканда кимдин паспорттук маалыматтары көрсөтүлгөн болсо, ошол адам гана которууну ала алат.

УЗКАРТ, ХУМО, КОРТИ МИЛЛИ, ЭЛКАРТ карталарына которуулардын суммаларына чектөөлөр

  • УЗКАРТ, ХУМО, КОРТИ МИЛЛИ, ЭЛКАРТ карталарына бир которуунун минималдуу суммасы - 700 орус рубли.
  • УЗКАРТ, ХУМО, КОРТИ МИЛЛИ, ЭЛКАРТ карталарына бир которуунун максималдуу суммасы - 50 000 орус рубли.
  • Күнүнө которуулардын максималдуу суммасы - 100 000 орус рублин түзөт.
  • Айына которуулардын максималдуу суммасы - 100 000 орус рублин түзөт.

УЗКАРТ, ХУМО, КОРТИ МИЛЛИ, ЭЛКАРТ карталарына кантип которуу алууга болот?

SalamPay мобилдик тиркемеси аркылуу которуулар УЗКАРТ, ХУМО, КОРТИ МИЛЛИ, ЭЛКАРТ карталарына түздөн-түз жөнөтүлөт. Банкка барып кезекте туруунун кереги жок.

Которуунун абалын кантип билсе болот?

Которуунун абалын тиркеменин башкы бетиндеги "Тарых" бөлүмүнөн көрсөңүз болот.

Которууну кайра кантип жиберсе болот?

Мурун жиберген акча которууларыңызды SalamPay мобилдик тиркемесинен бат эле кайра кайталап жиберсеңиз болот. Бул үчүн:
- SalamPay мобилдик тиркемесинин башкы бетинен "Которуулардын тарыхы" бөлүмүн таап, керектүү которууну тандаңыз;
- "Кайталоо" баскычын басыңыз;
- которуу үчүн маалыматтарды текшериңиз;
- "Төлөөгө өтүү" баскычын басыңыз;
- которуу эсебине жиберилүүчү акча каражаттары алына турган банк картасынын маалыматтарын киргизиңиз;
- картадан акча каражаты алынганын тастыктаңыз (банктан жиберилген SMS-билдирүүнүн жардамы менен).
Бул учурда которуу ошол эле алуучуга жана ошол эле өлкөгө жиберилген болот (которуу убагында акчанын суммасын өзгөртсөңүз болот).

SalamPay мобилдик тиркемеси аркылуу ким акча которууларды жүргүзө алат?

SalamPay мобилдик тиркемеси аркылуу Орусия, Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан, Казакстан жана Азербайжандын жарандыгы бар каалаган адам Орусиядан, эгер ал адамда Орусиянын территориясында чыгарылган банк картасы жана Орусия территориясында иштеген байланыш оператордун телефон номери болсо акча которо алат.

Өлкөмө каалаган картадан акча которо аламбы?

Акча которуу үчүн эл аралык төлөм системасында тейленген MasterCard, Visa, Maestro же орусиялык төлөм системасын колдогон МИР картасы болушу абзел. Карта 3D-Secure технологиясын колдошу керек. Ошондой эле карта Орусия аймагында чыгарылган болуусу кажет. Жогорку шарттарды сактаган учурда гана, сиз SalamPay мобилдик тиркемеси аркылуу картаңызды колдонуп, мекениңизге акча которо аласыз.

Эл аралык которуулардын которуу мөөнөтү кандай?

Акча которуулар банк картаңыздан акча алынгандыгы тастыкталгандан кийин заматта жөнөтүлөт.

УЗКАРТ, ХУМО, КОРТИ МИЛЛИ, ЭЛКАРТ карталарына эл аралык которуу кандай мөөнөттө жөнөтүлөт?

Которуу заматта жөнөтүлөт. Сейрек учурларда, которууну жөнөтүү кечигүүсү 60 мүнөткө чейин болушу мүмкүн

Которуунун номерин кантип билдирсе болот?

Которуунун номерин кайра жиберүү үчүн:
- SalamPay мобилдик тиркемесинин башкы бетиндеги "Тарых" бөлүмүнөн керектүү которууну тандаңыз;
- "Билдирүү" баскычын басыңыз;
- жиберүү үчүн керектүү каналды тандаңыз.

Акча которууларды жүргүзгөндө мага тастыктоочу код менен SMS-билдирүү келбей жатат. Эмне кылуу керек?

Бир жолу колдонула турган пароль кардардын банк картасы аркылуу кыймыл жүргүзүп жаткандыгын тастыктоочу каражат жана картага уланган телефон номерге банк аркылуу жиберилет. Эгер сизге пароль SMS-билдирүү аркылуу келбей жатса, анда телефонуңузду өчүрүп, кайра жандырып көрүңүз, ошондой эле номериңиз мобилдик байланыш операторуңуз тарабынан блокко түшүрүлбөгөнүнө ынаныңыз.
Эгер сиздин мобилдик телефонуңуз шайма-шай иштеп, байланышууда эч кандай көйгөйлөр жок экендигине көзүңүз жетсе, анда ушул эле которууну кайталап көрүңүз (кайталоо үчүн мобилдик тиркеменин башкы бетиндеги "Тарых" бөлүмүнөн керектүү которууну тандоо жана "Кайталоо" баскычын басуу керек)
Эгер SMS-билдирүү код менен келбей жатса, анда картаңызды чыгарган банкка кайрылууңузду сунуш кылабыз.