SalamPay аркылуу калыс баада авиабилеттерди сатып алыңыз жана ашыкча төлөбөңүз!
SalamAvia кайрадан сиздер менен экендигин билдирүүдөн кубанычтабыз! Мындан ары SalamPay мобилдик тиркемесинде акча которууларды гана жибербестен, комиссиясыз жана ашыкча төлөмдөрсүз авиабилеттерди да сатып ала аласыз. SalamAvia-нын жардамы менен сиз Орусия боюнча саякаттап жана өзүңүздүн уюлдук телефонуңуздан түз авиабилеттерди сатып алып, мекениңизге барып келе аласыз.
Багыт |
Авиакассалар* |
SalamAvia |
Сиздин үнөм |
Ташкент |
10 811₽
|
10 230₽
|
581₽
|
Душанбе |
13 339₽
|
12 566₽
|
773₽
|
Бишкек |
13 311₽
|
12 573₽
|
738₽
|
Баку |
12 820₽
|
12 112₽
|
708₽
|
Авиакассаларда ашыкча төлөбөңүз. Авиабилет алууну чечсеңиз, SalamAvia менен бааларды салыштырып көрүңүз, бизде ПАЙДАЛУУРААК!
SalamPay тиркемесинен түз билеттерди сатып алыңыз жана авиакассага барууга жана кезекте турууга убакыт коротпоңуз. Авиакассалар график менен иштейт, ал эми SalamAvia аркылуу сиз билеттерди күнү-түнү сизге ыңгайлуу болгон убакта, түз өзүңүздүн смартфонуңуздан сатып алсаңыз болот.
SalamAvia аркылуу билеттерди сатып алууда сиз өзүңүзгө ыңгайлуу болгон учуп кетүү жана учуп келүү күндөрүнө билеттер бар экендигин реалдуу убакыт тартибинде текшерип, ошондой эле алардын бааларын көрсөңүз болот.
SalamPау мобилдик тиркемеси аркылуу жүргүзүлүп жаткан бардык финансылык операциялар кардарлар үчүн коопсуз болуп саналат. SalamAvia аркылуу билеттерди сатып алууда электрондук билет жана авиакомпаниядан квитанция аласыз, ал эми сиздин өздүк маалыматтарыңыз ишеничтүү корголот.
SalamAvia аркылуу билетти мурда онлайн авиабилет сатып албаган адам да ала алат. Кызмат колдонуучулур үчүн өтө жөнөкөй жана түшүнүктүү, ошондуктан үйгө билет сатып алуу кыйын болбойт.
SalamAvia аркылуу билеттерди сатып алуу боюнча кандайдыр бир суроолор жаралса, ага биздин беш: орус, өзбек, тажик, кыргыз жана азербайжан тилдеринде иштеген колдоо кызматы жооп берет. дүйшөмбү-жума саат 08:00дөн 21:00гө чейин ишемби-жекшемби саат 08:00дөн 17:00гө чейин
SalamAvia-нын жардамы менен сиз өзүңүзгө гана эмес досторуңузга да авиабилеттерди сатып алсаңыз болот. Ошондой эле сизге конокко келе жаткан туугандарыңызга жана жакындарыңызга кам көрүп, тиркемеде алар үчүн билеттерди сатып алсаңыз болот.
Авиабилетти кантип сатып алса болот?
Авиабилет сатып алуу үчүн:
- тиркеменин башкы бетиндеги “Авиабилет сатып алуу“ баскычын басыңыз;
- ”Авиабилет сатып алуу” баскычын тандаңыз;
- Учуу багытын көрсөтүңүз - каяктан каякка учабыз;
- Учуунун күнүн, адамдардын санын жана учуунун классын тандаңыз;
- ”Авиабилеттерди табуу” баскычын басыңыз;
- Ыңгайлуу рейсти жана авиабилеттин тарифин тандаңыз;
- ”Билет сатып алуу” баскычын басыңыз;
- Жүргүнчүлөрдүн жынысын жана жарандыгын тандаңыз;
- ФАА, туулган күнүн, паспорт маалыматтарын толтуруңуз;
- Көрсөтүлгөн маалыматтардын тууралыгын тастыктаңыз;
- ”Улантуу” баскычын басыңыз;
- Төлөө алдында билеттин маалыматтарын текшериңиз;
- ”Билет сатып алуу” баскычын басыңыз;
- Билетти төлөө үчүн акча каражаттары алына турган банк картасынын маалыматтарын киргизиңиз;
- картадан акча каражаты алынганын тастыктаңыз (банктан жиберилген SMS-билдирүүнүн жардамы менен).
Сиз сатып алган авиабилет "Менин авиабилеттерим" бөлүмүндө көрсөтүлөт.
Авиабилетти кантип төлөсө болот?
Авиабилетти сатып алуудагы төлөө Орусия аймагында чыгарылган банк картасын пайдалануу менен SalamPay мобилдик тиркемесинде гана жүргүзүлөт.
Авиакаттамга онлайн кантип катталса болот?
Каттамга онлайн каттоо 24 саат мурун ачылат. Андан кийин сиз авиакомпаниянын сайтына кирип, өз алдынча онлайн каттодон өтсөңүз болот.
Канча саат мурун аэропортто болуш керек?
Адатынча, эл аралык каттамдарга каттоо 3 саат мурун башталат жана учактын учушуна 40 мүнөт калганда аяктайт. Текшерүүнүн бардык түрлөрүнөн жана учуу алдындагы процедуралардан өтүү үчүн өз убагында аэропортко келүүңүздү сунуш кылабыз.
Канча жүктү бекер алып өтсө болот?
Жүктү акысыз ташуу ченемдери авиакомпаниядан жана сиз сатып алууну пландаштырган авиабилеттин тарифинен көз каранды болот. Авиабилетти брондоо убагында, жүк тууралуу маалымат менен тааныша аласыз.
Билетти кайтарса болобу?
Ооба, авиабилеттин акысын кайтарып алуу мүмкүн, эгерде ал сиздин авиабилетиңиздин тарифинде каралса. SalamPay тиркемеси авиабилеттерди кайтаруу жана сатып алуу үчүн эч кандай комиссияларды албайт, бирок кошумча жыйымдар авикомпаниялар тарабынан алынышы мүмкүн. Бул жыйымдардын өлчөмү авиабилетти кайтаруу учурунда аныкталат