Иш берүүчүнү алмаштыруу — эмгек мигранттары үчүн кадимки көрүнүш. Кимдир бирөө жакшы шарт тапты, кимдир бирөө айлык акынын кечигишинен улам кетти. Бирок эсиңизде болсун: ишти алмаштырганда кетирилген ката патенттен ажыратууга алып келиши мүмкүн.
Төмөндө айып пул албоо жана иштөөгө укукту жоготпоо үчүн маанилүү нерселер:
1. Патент конкреттүү иш берүүчүгө байланбайт. Эгер сиз ошол эле региондо жана ошол эле кесип боюнча ишти алмаштырсаңыз, патентти кайра каттоонун кереги жок.
2. Жаңы иш берүүчү келишимге кол коюлгандан кийин 3 жумуш күндүн ичинде ИИМге (МВД) жумушка кабыл алуу тууралуу билдирүү жөнөтүүгө милдеттүү. Ошондой эле эски иш берүүчү эмгек келишиминин токтотулгандыгы тууралуу билдирүү бериши керек. Көбүнчө муну иш берүүчү өзү жасайт, бирок билдирүү жөнөтүлгөнүн тактап, ырастоосун сактап койгон жакшы.
3. Айрымдар документтер толук таризделе электе эле жаңы иш берүүчүдө иштей башташат. Бул кооптуу. Билдирүү берилбестен иштеген бир күн да мыйзам бузуу болуп эсептелиши мүмкүн.
4. Иш берүүчүнү алмаштыруу ай сайын төлөм жасоодон бошотпойт. Эгер төлөмдү өткөрүп жиберсеңиз — иштеп жатканыңызга же жоктугуңузга карабай, патент жокко чыгарылат.
5. Патентте көрсөтүлгөн региондо гана иштөөгө болот. Эгер башка региондо же башка кесип боюнча иштесеңиз — жаңы патент талап кылынат.
6. Жашаган жериңизди алмаштырсаңыз же көчүп барсаңыз, каттоону жаңылоо керек. Мөөнөтү бүткөн же жараксыз каттоо — өзүнчө мыйзам бузуу.

Иш берүүчүнү алмаштыруу — бардык нерсе туура жана өз убагында жасалса, маселе эмес. Документтерге кылдат мамиле кылуу патентти сактоого жана тынч иштөөгө жардам берет.
SalamPay мобилдик колдонмосундагы Migrant ID кызматы аркылуу миграциялык мыйзамдарды бузуу коркунучтарын билип, татаал жагдайларда эмне кылуу керектиги боюнча сунуштарды ала аласыз.





