Жыл сайын алдамчылар алдамчылыктын жаңы ыкмаларын ойлоп табышат, ал эми коопсуздуктун негизги эрежелерин билбегендик топтогон акчаны жоготуу коркунучун күчөтөт. Биз мигранттардын каржылык сабаттуулугу боюнча макалалар сериясын улантып жатабыз жана бул жаатта бизге ишенимдүү өнөктөшүбүз Migrant.uz жардам берүүдө.
Бул макалада биз накталай жана накталай эмес акча менен иштөөдө жөнөкөй, бирок абдан маанилүү эрежелер жөнүндө айтып беребиз, банктык карталар жана электрондук капчыктарды колдонууда акча каражаттарын кантип коргоо керектигин түшүндүрөбүз, ошондой эле Орусияда мигранттар көбүнчө туш болгон алдамчылыктын кеңири таралган түрлөрүн карап чыгабыз.
Акча менен иштөөдөгү негизги коопсуздук эрежелери
💸 Накталай акча
• Бардык акчаны бир жерде сактабаңыз
• Ишенимдүү сактоо ыкмаларын колдонуңуз
• Чоӊ суммаларды бөтөн адамдарга көрсөтпөңүз
• Акчаны коопсуз жерлерде гана санаңыз
• Акча алганда купюралардын түп нуска экенин текшериңиз
💳 Банк карталары
• Картанын маалыматтарын жана банктан келген СМСти бөтөн адамдарга айтпаңыз
• SMS-билдирүүлөрдү кошуңуз
• Операцияларга лимит коюңуз
• Онлайн сатып алууларга бөлөк карта колдонуңуз
• Картанын маалыматтарын сайттарда сактабаңыз, төлөөнүн алдында сумманы текшериңиз
• Төлөөнүн алдында, сайттын дареги туура жазылганын жана дүкөн жөнүндө пикирлерди караңыз
💰 Электрондук капчыктар
• Кыйын паролдорду колдонуңуз
• Эки фактордуу аутентификацияны иштетиңиз (мисалы, SMS аркылуу тастыктоо же атайын тиркеме аркылуу)
• Чоӊ суммаларды сактабаңыз
• Операциялар тарыхын үзгүлтүксүз текшерип туруңуз
• Расмий тиркемелерди гана колдонуңуз
💵 Акча которуулар
• Алуучунун реквизиттерин тактаңыз, карта же эсеп номерин текшериңиз, которуу тастыктоолорун сактаңыз
• Таныш эмес адамдарга чоӊ сумма которбоңуз — сактанган оң
• Которууларга лимит коюңуз — бул ката же аккаунт бузулган учурда чоң жоготуулардан сактайт

Кеңири таралган алдамчылык түрлөрү
📞 Телефон алдамчылыгы
• «Банк коопсуздук кызматынан» чалуулар
• Шектүү операциялар тууралуу билдирүүлөр
• Картанын маалыматын айтууну талап кылуу
• Акчаны «коопсуз эсепке» которуу суранычтары
📲 «Полиция же ФМК кызматкерлеринен» чалуулар
• «Документ маселелери» же «миграция мыйзамын бузуу» тууралуу билдирүүлөр
• Депортация, айып же кылмыш жоопкерчилиги менен коркутуу.
• "Маселени чечүү" үчүн тез айып пулду же төлөмдү төлөөнү талап кылышат
• Акчаны картага, электрондук капчыкка же телефон номерине которуу суранычтары
💻 Интернеттеги алдамчылык
• Фишинг-сайттары
• Банктын жасалма беттери — расмий сайттардын URL-даректери өзгөртүлгөн көчүрмөлөрү.
• Мамлекеттик кызматтардын жалган сайттары — жеке маалыматты уурдоо үчүн түзүлгөн мамлекеттик порталдардын жасалмалары.
• Таанымал кызматтардын көчүрмөлөрү — таанымал интернет-дүкөндөрдүн, төлөм системаларынын жана социалдык тармактардын жасалмалары.
📨 Социалдык тармактардагы алдамчылык
• Достордун бузулган аккаунттары — таанышыңыздардан имиш финансылык жардам сураган билдирүүлөр
• Ооруп жаткан адамдар үчүн жалган акча жыйноо. Чыныгы ооруган адамдардын окуяларын интернеттен көчүрүп, бардык маалыматтарын жана сүрөттөрүн көчүрүп, бирок карта номерин өзүнүкүнө өзгортүшөт.
• Жалган иш берүүчүлөр — алдын ала төлөм талап кылышат, окуу же документ үчүн акча сурашат
🏛️ «Банктан» же башка шектүү чалуулар болгондо эмне кылуу керек:
• Диалогко кирбегиңиз, сүйлөшүүнү токтоткуңуз
• Жеке маалыматты айтпаңыз
• Ким тарабынан чалымыш болсо, ошол уюмдун же банктын расмий call-борборуна өзүңүз байланышыңыз.
• Кайсы банк же уюмдан чалымыш болгондун кеңсесине өзүңүз барып кайрылыңыз
• Расмий сайттагы номерди колдонуңуз же банк тиркемеси аркылуу чалыңыз
✅ Алдамчыларга туш болгондо эмне кылуу керек:
• Картаны блоктоңуз
• Банкка кабарлаңыз
• Алдамчы тууралуу бардык маалыматты сактап коюңуз
• Полицияга кайрылыңыз
• Паролдорду өзгөртүңүз
• Коопсуздук жөндөөлөрүн текшериңиз
Бул макаланы досторуңуз менен бөлүшүңүз.
Кийинки макалада биз каржылык пландаштырууну жана келечекти камсыз кылууну талкуулайбыз.