Бир жолу колдонула турган пароль кардардын банк картасы аркылуу кыймыл жүргүзүп жаткандыгын ырастоочу каражат жана картага байланган телефон номерге банк аркылуу жиберилет. Эгер сизге пароль SMS-билдирүү аркылуу келбей жатса, анда өзүңүздүн телефонуңузду өчүрүп, кайра жандырып көрүңүз, ошондой эле номериңиз мобилдик байланыш операторуңуз тарабынан блокко түшүрүлбөгөнүнө ынаныңыз.
Эгер сиздин мобилдик телефонуңуз шайма-шай иштеп, байланышууда эч кандай көйгөйлөр жок экендигине көзүңүз жетсе, анда ушул эле которууну кайталап көрүңүз (кайталоо үчүн мобилдик тиркеменин башкы бетиндеги "Которуулар тарыхы" бөлүмүнөн керектүү которууну тандоо жана "Кайталоо" баскычын басуу керек). Эгер SMS-билдирүү код менен келбей жатса, анда картаңызды чыгарган банкка кайрылууңузду сунуш кылабыз.