Тажикстанга кантип акча жиберсе болот?

Тажикстанга акча которууларды Корти Милли улуттук төлөм системасынын картасына же банкка телефон номер аркылуу картага же эсепке жөнөтүүгө болот. Которуунун суммасы рубль менен алынат, а алуучунун картасына улуттук валютада түшөт.

Тажикстанга карталарга эки ыкма менен которуу жиберсе болот:


1 ЫКМА - Корти Милли картасынын номери аркылуу, ал үчүн сиз:

  • тиркеменин ылдыйкы менюсунда "Которуу" баскычын басыңыз;
  • "ТАЖИКСТАН" өлкөсүн тандаңыз;
  • "КОРТИ МИЛЛИ КАРТАСЫНЫН НОМЕРИ АРКЫЛУУ" баскычын басыңыз;
  • рубль валютасында же улуттук валютада которуу суммасын жазыңыз жана "ЭСЕПТӨӨ" баскычын басыңыз;
  • Алуучунун картасына түшүүчү улуттук валютадагы сумманы тастыктаңыз;
  • которуу түшүү үчүн алуучунун Корти Милли картасынын номерин жазыңыз жана жазылган номердин тууралыгын тастыктаңыз;
  • алуучунун ФААсын жазыңыз жана алардын тууралыгын тастыктаңыз;
  • жөнөтүүчүнүн маалыматтарын жазыңыз жана алардын тууралыгын тастыктаңыз (алгачкы которууда гана);
  • акчаны которуунун алдында маалыматтарды текшериңиз;
  • "Төлөөгө өтүү" баскычын басыңыз;
  • которуу эсебине жиберилүүчү акча каражаттары алына турган Орусия Федерациясынын аймагында чыгарылган банк картасынын маалыматтарын киргизиңиз;
  • "Төлөө" баскычын басыңыз;
  • картадан каражаттардын алынуусун тастыктаңыз (банктан алынган SMS-билдирүүдөгү кодту жазуунун жардамы менен);
  • которуу жөнүндөгү маалыматты алуучуга билдириңиз.

Видео нускама


2 ЫКМА - Банкка телефон номер аркылуу картага же эсепке, ал үчүн сиз:

  • тиркеменин ылдыйкы менюсунда "Которуу" баскычын басыңыз;
  • "ТАЖИКСТАН" өлкөсүн тандаңыз;
  • "БАНККА ТЕЛЕФОН НОМЕР АРКЫЛУУ КАРТАГА ЖЕ ЭСЕПКЕ" баскычын басыңыз;
  • картасына же эсебине которуу жибериле турган банкты тандаңыз;
  • рубль валютасында же улуттук валютада которуу суммасын жазыңыз жана "ЭСЕПТӨӨ" баскычын басыңыз;
  • Алуучунун картасына түшүүчү улуттук валютадагы сумманы тастыктаңыз;
  • тандалган банктагы картасына же эсебине уланган алуучунун телефон номерин жазыңыз;
  • алуучунун ФААсын жазыңыз жана алардын тууралыгын тастыктаңыз;
  • жөнөтүүчүнүн маалыматтарын жазыңыз жана алардын тууралыгын тастыктаңыз (алгачкы которууда гана);
  • акчаны которуунун алдында маалыматтарды текшериңиз;
  • "Төлөөгө өтүү" баскычын басыңыз;
  • которуу эсебине жиберилүүчү акча каражаттары алына турган Орусия Федерациясынын аймагында чыгарылган банк картасынын маалыматтарын киргизиңиз;
  • "Төлөө" баскычын басыңыз;
  • картадан каражаттардын алынуусун тастыктаңыз (банктан алынган SMS-билдирүүдөгү кодту жазуунун жардамы менен);
  • которуу жөнүндөгү маалыматты алуучуга билдириңиз.

Видео нускама

Кошумча суроолор барбы?

Бизге колдоо кызматына жазыңыз - мобилдик тиркемедеги "Чат" баскычы. Биз орус, өзбек, тажик, кыргыз жана азербайжан тилдеринде сүйлөйбүз.

Тиркемени жүктөө