Которууну кайталап кантип жиберсе болот?

Мурун которгон которууларыңызды SalamPay мобилдик тиркемесинен бат эле кайра кайталап жиберсеңиз болот. Бул үчүн:

  • SalamPay мобилдик тиркемесинин башкы бетиндеги "Которуулар тарыхы" бөлүмүнөн керектүү которууну тандаңыз;
  • "Кайталоо" баскычын басыңыз;
  • которуу үчүн маалыматтарды текшериңиз;
  • "Төлөөгө өтүү" баскычын басыңыз;
  • которууну төлөө үчүн банк картасынын маалыматтарын киргизиңиз;
  • картадан каражаттардын алынуусун тастыктаңыз (банктан алынган SMS-билдирүүдөгү кодту жазуунун жардамы менен).

Бул учурда которуу ошол эле алуучуга жана ошол эле өлкөгө жиберилген болот (которуу убагында акчанын суммасын өзгөртсөңүз болот).

Кошумча суроолор барбы?

Бизге колдоо кызматына жазыңыз - мобилдик тиркемедеги "Чат" баскычы. Биз орус, өзбек, тажик, кыргыз жана азербайжан тилдеринде сүйлөйбүз.

Тиркемени жүктөө