1-сентябрдан тарта Орусияда чет элдик жарандарга тиешелүү жаңы эрежелер күчүнө кирет. Өзгөртүүлөр тууралуу Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин эскертти.
Башкы өзгөрүүлөр — милдеттүү медициналык кароодон өтүү мөөнөтү кыскарат, чет элдиктерди салыктык эсепке алуу ылдамдайт жана кошумча миграциялык көзөмөл боюнча эксперимент кеңейтилет.
Медициналык кароодон тезирээк өтүү керек болот
Орусияга үч айдан ашык мөөнөткө келген чет элдик жарандар үчүн милдеттүү медициналык кароодон өтүү мөөнөтү 90 күндөн 30 күнгө чейин кыскарат.
Бул келгенден кийин процедураны кийинкиге калтырууга болбойт дегенди билдирет: медициналык документтерди тариздөөгө берилген убакыт бир топ азаят.
Эгерде текшерүү учурунда коркунучтуу жугуштуу оору аныкталса, чет элдик жаранга карата мыйзамда белгиленген тартипте өлкөдөн чыгаруу (чыгарып жиберүү) чаралары көрүлүшү мүмкүн.
Салыктык эсепке алуу тезирээк жүргүзүлөт
Сентябрь айынан тарта Мамлекеттик органдардын ортосундагы электрондук маалымат алмашуунун аркасында Федералдык салык кызматы чет элдик жарандар тууралуу маалыматтарды ыкчам ала баштайт.
Чет элдиктердин өздөрү үчүн бул — маалыматтардын бир бөлүгү узак күтүүсүз жана кошумча сурамдарсыз эле ведомстволор ортосунда өткөрүлүп турарын билдирет.
Москвада жана Москва облусунда көзөмөл кеңейүүдө
Ошондой эле Москва чөлкөмүндө чет элдик жарандарды эсепке алуунун жаңы механизмдери боюнча эксперимент андан ары кеңейтилүүдө.
1-сентябрдан тарта «Амина» тиркемесин эмгек мигранттары гана эмес, Москвада жана Москва облусунда жүргөн башка айрым чет элдиктер, анын ичинде студенттер жана жумуш эмес максаттар менен келген туугандары да колдонууга милдеттүү болушат.

Эгерде сиз Орусияга жакында эле келген болсоңуз, бардык милдеттүү процедуралардын мөөнөтүн алдын ала текшерип алганыңыз оң: медициналык кароо, миграциялык эсепке алуу, патент жана башка документтерди тариздөө.
Ал эми Москвада жана Москва облусунда жашап же иштеп жатсаңыз, «Амина» тиркемеси менен жүргүзүлүп жаткан эксперименттин талаптары сизге да тиешелүүбү же жокпу, өзүнчө текшерип алыңыз.
1-сентябрдан тарта киргизилген өзгөртүүлөр көзөмөлдүн автоматташтырылганын жана айрым процедуралардын мөөнөттөрү кыскарганын көрсөтүп турат. Ошондуктан документтерди тариздөөнү создуктурбай, актуалдуу талаптарды байкап туруу өзгөчө маанилүү.
Миграциялык мыйзамдардын актуалдуу жаңылыктарын биздин телеграм-каналдан же MAX'тан окуңуз.






