2027-жылдын 1-февралынан тарта Орусияда төмөнкүлөрдү алууну пландаштырган чет элдик жарандар үчүн жаңы талаптар күчүнө кирет:
- УЖУ (РВП) - убактылуу жашоого уруксат;
- БАМУЖУ (РВПО) - билим алуу максатында убактылуу жашоого уруксат);
- ТЖУ (ВНЖ) же орус жарандыгы.
Өзгөртүүлөр 2026-жылдын 4-августундагы № 314-ФЗ Федералдык мыйзамында каралган.
Негизги жаңылыктардын бири Орусиядан тышкаркары жердеги соттуулукка тиешелүү.
Жаңы документ талап кылынат
УЖУ, БАМУЖУ же ТЖУга арыз берүүдө чет элдик жаран соттуулугу бар же жоктугу тууралуу документти сунушташы керек.
Иш кагазын өз жарандыгы бар өлкөнүн компетенттүү органдарынан алуу зарыл. Эгерде адамдын башка өлкөдө туруктуу жашоого укугу болсо, ал өлкөдөн да документ талап кылынат. Бир нече жарандыгы же ТЖУсу бар болсо, маалымкаттар тиешелүү өлкөлөрдүн ар биринен берилиши шарт.
Маанилүү талап бар: документ арыз бергенге чейин үч айдан эрте эмес берилген болушу керек.
Соттуулук болсо эмне өзгөрөт?
Орусияда же андан тышкаркы аймактарда жасалган кылмыш үчүн алына элек же жоюла элек соттуулуктун болушу УЖУ, БАМУЖУ жана ТЖУ берүүдөн баш тартууга негиз болот.
Ошондой эле талап Орусия жарандыгын кабыл алууда да киргизилет.
Бул жерде сөз мурда жоопкерчиликке тартылган бардык фактылар жөнүндө эмес, дал ушул алына элек же жоюла элек соттуулук жөнүндө болуп жатат.
Маалымкат кимдерге талап кылынбайт?
Мыйзамда өзгөчө учурлар каралган. Мисалы, документ 14 жашка толо элек балдарга, качкын деп таанылгандарга жана Орусиядан саясий же убактылуу башпаанек алгандарга талап кылынбайт. Ошондой эле келишим боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан же өтөгөн чет элдиктердин айрым категорияларына тиешелүү.

Документтер эртерээк тапшырылсачы?
Жаңы эрежелер 2027-жылдын 1-февралынан тарта иштей баштайт. Эгерде УЖУ, БАМУЖУ, ТЖУ же жарандык алууга арыз мыйзам күчүнө киргенге чейин берилген болсо, ал арыз берилген күнү иштеп жаткан эрежелер боюнча каралышы керек.
Ошондуктан 2027-жылы документтерди тариздөөнү пландаштыргандар жаңы талапты алдын ала эске алышы зарыл. Тиешелүү маалымкатты өз өлкөңүздүн кайсы жеринен алууну сөзсүз тактап алыңыз.






