«Кирүүгө салынган тыюуну бир күндө алып салабыз», «Маселени 100% чечебиз», «ИИМде өз кишилерибиз бар» — мындай кулактандырууларды интернеттен жана мессенджерлерден кезиктирүүгө болот.
Булардын артында өзүлөрүн юрист же алтургай миграциялык бөлүмдөрдүн кызматкери катары тааныштырган алдамчылар турушу мүмкүн. Өзгөчө чет элдиктерге акча үчүн кирүүгө салынган тыюуну алып салууну же миграциялык статусту тез арада жөнгө салууну көп сунушташат.
Кайсы убадалар шек жаратышы керек?
Эгерде сизге төмөнкүлөрдү айтышса, этият болуңуз:
- «тыюуну алып салууга кепилдик беребиз»;
- «маселени бир күндө чечебиз»;
- «ИИМ менен түз иштейбиз»;
- «өз байланыштарыбыз аркылуу ылдамдатабыз».
Кирүүгө тыюу салуу же аны жокко чыгаруу чечимин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар гана кабыл алат. Юрист документтерди даярдоого, кайрылуу түзүүгө же чечимге даттанууга жардам бере алат, бирок жыйынтыкка кепилдик бере албайт.
Алдамчыларды дагы кантип тааныса болот?
Сизге кызматты кантип сунуштап жатканына көңүл буруңуз.
Эгерде сизди төлөм жасоого шаштырышса, келишимсиз алдын ала акча которууну талап кылышса же адис жана уюм жөнүндө маалымат берүүдөн баш тартышса — бул шектенүүгө олуттуу себеп.
Дагы бир текшерүүгө себеп — эгерде «юрист» бир гана мессенджер аркылуу иштеп, офиске келүүгө же жеке жолугушууга мүмкүнчүлүк бербесе.

Юристти кантип текшерсе болот?
Эгерде адис өзүн адвокат катары тааныштырса, аны Орусиянын Юстиция министрлигинин Адвокаттардын бирдиктүү мамлекеттик реестринен текшериңиз.
Сизге күбөлүктүн сүрөтүн, ИИМ кызматкери менен болгон имиш жазышууларды же жакшы пикирлерди көрсөткөнү үчүн гана акча которбоңуз. Мындай материалдарды жасалмалоого болот.
Ишенимдүү маалыматты кайдан алуу керек?
Миграциялык маселелер боюнча расмий каналдар аркылуу кайрылган оң: Орусия ИИМдин сайты, ИИМдин аймактык бөлүмдөрү же Госуслуги порталы.
Эгерде сиз акча которуп койгон болсоңуз жана алдандым деп шекшисеңиз, жазышууларды, чектерди жана башка төлөм ырастоолорун сактап, ИИМге кайрылыңыз. Шектүү аккаунт же кулактандыруу боюнча сайттын же мессенджердин администрациясына да даттанууга болот.






