SalamAvia

SalamPay аркылуу калыс баада авиабилеттерди сатып алыңыз жана ашыкча төлөбөңүз!

SalamAvia кызматы менен комиссиясыз жана ашыкча төлөмдөрсүз авиабилеттерди сатып алыңыз.

SalamPay мобилдик тиркемесинде сиз акча которууларды гана жибербестен, комиссиясыз жана ашыкча төлөмдөрсүз авиабилеттерди да сатып ала аласыз.

SalamAvia-нын жардамы менен сиз Орусия боюнча саякаттап жана өзүңүздүн уюлдук телефонуңуздан түз авиабилеттерди сатып алып, мекениңизге барып келе аласыз.

Авиабилеттерге бааларды салыштыруу

БагытАвиакассалар*SalamAviaҮнөм
Баку
Баку
20 127₽
17 714₽
2 413₽
Ташкент
Ташкент
13 192₽
11 739₽
1 453₽
Бишкек
Бишкек
22 723₽
20 413₽
2 310₽
Душанбе
Душанбе
21 419₽
18 678₽
2 741₽
Астана
Астана
25 941₽
22 850₽
3 090₽
Стамбул
Стамбул
19 495₽
17 122₽
2 373₽
*Орточо маанилер, баалар ар кайсы авиакассаларда айырмаланышы мүмкүн
Артыкчылыктар

SalamAvia аркылуу авиабилеттерди сатып алуу

SalamAvia - бул оңой
SalamAvia - бул оңой

SalamAvia аркылуу билеттерди сатып алууда сиз өзүңүзгө ыңгайлуу болгон учуп кетүү жана учуп келүү күндөрүнө билеттер бар экендигин реалдуу убакыт тартибинде текшерип, ошондой эле алардын бааларын көрсөңүз болот.

Убактыңызды үнөмдөө

SalamPay тиркемесинен түз билеттерди сатып алыңыз жана авиакассага барууга жана кезекте турууга убакыт коротпоңуз. Авиакассалар график менен иштейт, ал эми SalamAvia аркылуу сиз билеттерди күнү-түнү сизге ыңгайлуу болгон убакта, түз өзүңүздүн смартфонуңуздан сатып алсаңыз болот.

Учуп кетүүнүн керектүү күндөрүн жана убактысын тандаңыз

SalamAvia аркылуу билеттерди сатып алууда сиз өзүңүзгө ыңгайлуу болгон учуп кетүү жана учуп келүү күндөрүнө билеттер бар экендигин реалдуу убакыт тартибинде текшерип, ошондой эле алардын бааларын көрсөңүз болот.

Учуп кетүүнүн керектүү күндөрүн жана убактысын тандаңыз
Коопсуздук

SalamPay мобилдик тиркемеси аркылуу жүргүзүлгөн бардык финансылык операциялар кардарлар үчүн коопсуз. SalamAvia аркылуу билеттерди сатып алууда сиз электрондук билет аласыз жана сиздин жеке маалыматтарыңыз ишенимдүү корголот.

Эне тилде колдоо кызматы

SalamAvia аркылуу билеттерди сатып алуу боюнча кандайдыр бир суроолор жаралса, ага биздин беш: орус, өзбек, тажик, кыргыз жана азербайжан тилдеринде иштеген колдоо кызматы жооп берет. Биздин иш графигибиз: дүйшөмбү-жекшемби саат 06:00дөн 00:00гө чейин

Туугандарга жана жакындарга кам көрүү

SalamAvia-нын жардамы менен сиз өзүңүзгө гана эмес досторуңузга да авиабилеттерди сатып алсаңыз болот. Ошондой эле сизге конокко келе жаткан туугандарыңызга жана жакындарыңызга кам көрүп, тиркемеде алар үчүн билеттерди сатып алсаңыз болот.

Суроолоруңуз калдыбы?

Авиабилетти кантип сатып алса болот?

Авиабилет сатып алуу үчүн:

  • тиркеменин башкы бетиндеги “Авиабилет сатып алуу“ баскычын басыңыз;
  • ”Авиабилет сатып алуу” баскычын тандаңыз;
  • Учуу багытын көрсөтүңүз - каяктан каякка учабыз;
  • Учуунун күнүн, адамдардын санын жана учуунун классын тандаңыз;
  • ”Авиабилеттерди табуу” баскычын басыңыз;
  • Ыңгайлуу рейсти жана авиабилеттин тарифин тандаңыз;
  • ”Билет сатып алуу” баскычын басыңыз;
  • Жүргүнчүлөрдүн жынысын жана жарандыгын тандаңыз;
  • ФАА, туулган күнүн, паспорт маалыматтарын толтуруңуз;
  • Көрсөтүлгөн маалыматтардын тууралыгын тастыктаңыз;
  • ”Улантуу” баскычын басыңыз;
  • Төлөө алдында билеттин маалыматтарын текшериңиз;
  • ”Билет сатып алуу” баскычын басыңыз;
  • Билетти төлөө үчүн акча каражаттары алына турган банк картасынын маалыматтарын киргизиңиз;
  • картадан акча каражаты алынганын тастыктаңыз (банктан жиберилген SMS-билдирүүнүн жардамы менен).

Сиз сатып алган авиабилет "Менин авиабилеттерим" бөлүмүндө көрсөтүлөт.

Авиабилетти кантип төлөсө болот?

Авиабилетти сатып алуудагы төлөө Орусия аймагында чыгарылган банк картасын пайдалануу менен SalamPay мобилдик тиркемесинде гана жүргүзүлөт.

Авиакаттамга онлайн кантип катталса болот?

Каттамга онлайн каттоо 24 саат мурун ачылат. Андан кийин сиз авиакомпаниянын сайтына кирип, өз алдынча онлайн каттодон өтсөңүз болот.

Канча саат мурун аэропортто болуш керек?

Адатынча, эл аралык каттамдарга каттоо 3 саат мурун башталат жана учактын учушуна 40 мүнөт калганда аяктайт. Текшерүүнүн бардык түрлөрүнөн жана учуу алдындагы процедуралардан өтүү үчүн өз убагында аэропортко келүүңүздү сунуш кылабыз.

Канча жүктү бекер алып өтсө болот?

Жүктү акысыз ташуу ченемдери авиакомпаниядан жана сиз сатып алууну пландаштырган авиабилеттин тарифинен көз каранды болот. Авиабилетти брондоо убагында, жүк тууралуу маалымат менен тааныша аласыз.

Билетти кайтарса болобу?

Ооба, авиабилеттин акысын кайтарып алуу мүмкүн, эгерде ал сиздин авиабилетиңиздин тарифинде каралса. SalamPay тиркемеси авиабилеттерди кайтаруу жана сатып алуу үчүн эч кандай комиссияларды албайт, бирок кошумча жыйымдар авикомпаниялар тарабынан алынышы мүмкүн. Бул жыйымдардын өлчөмү авиабилетти кайтаруу учурунда аныкталат