Өзбекстанга акча которууларды UZCARD / HUMO улуттук төлөм системаларынын карталарына жөнөтүүгө болот. Которуунун суммасы рубль менен алынат, а алуучунун картасына улуттук валютада түшөт. UZCARD / HUMO карталарына эки ыкма менен которуу жиберсе болот:
1 ЫКМА - алуучунун картасынын номери аркылуу, ал үчүн сиз:
- тиркеменин ылдыйкы менюсунда "Которуу" баскычын басыңыз;
- "Өзбекстан" өлкөсүн тандаңыз;
- "UZCARD / HUMO КАРТАСЫНЫН НОМЕРИ АРКЫЛУУ" баскычын басыңыз;
- рубль валютасында же улуттук валютада которуу суммасын жазыңыз жана "ЭСЕПТӨӨ" баскычын басыңыз;
- Алуучунун картасына түшүүчү улуттук валютадагы сумманы тастыктаңыз;
- которуу түшүүчү алуучунун картасынын номерин жазыңыз жана номердин туура жазылганын тастыктаңыз;
- алуучунун ФААсын текшериңиз жана туура жазылгандыгын тастыктаңыз;
- жөнөтүүчүнүн маалыматтарын жазыңыз жана анын туура жазылгандыгын тастыктаңыз (алгачкы которууда гана);
- акчаны которуунун алдында маалыматтарды текшериңиз;
- "Төлөөгө өтүү" баскычын басыңыз;
- которуу эсебине жиберилүүчү акча каражаттары алына турган Орусия Федерациясынын аймагында чыгарылган банк картасынын маалыматтарын киргизиңиз;
- "Төлөө" баскычын басыңыз;
- картадан каражаттардын алынуусун тастыктаңыз (банктан алынган SMS-билдирүүдөгү кодту жазуунун жардамы менен);
- которуу жөнүндөгү маалыматты алуучуга билдириңиз.
2 ЫКМА - Алуучунун телефон номери аркылуу, ал үчүн сиз:
- тиркеменин ылдыйкы менюсунда "Которуу" баскычын басыңыз;
- "Өзбекстан" өлкөсүн тандаңыз;
- "UZCARD / HUMO КАРТАСЫНА ТЕЛЕФОН НОМЕР АРКЫЛУУ" баскычын басыңыз;
- рубль валютасында же улуттук валютада которуу суммасын жазыңыз жана "ЭСЕПТӨӨ" баскычын басыңыз;
- алуучунун картасына түшүүчү улуттук валютадагы сумманы тастыктаңыз;
- UZCARD / HUMO картасына уланган алуучунун телефон номерин жазыңыз;
- которуу жибериле турган банкты жана картаны тандаңыз;