Азербайжанга акчаны алуучунун картасынын номери аркылуу жөнөтүүгө болот. Которуунун суммасы рубль менен алынат, а алуучунун картасына улуттук валютада түшөт. ал үчүн сиз:
- тиркеменин ылдыйкы менюсунда "Которуу" баскычын басыңыз;
- "АЗЕРБАЙЖАН" өлкөсүн тандаңыз;
- "КАРТАНЫН НОМЕРИ АРКЫЛУУ" баскычын басыңыз;
- рубль валютасында же улуттук валютада которуу суммасын жазыңыз жана "ЭСЕПТӨӨ" баскычын басыңыз;
- Алуучунун картасына түшүүчү улуттук валютадагы сумманы тастыктаңыз;
- которуу түшүү үчүн алуучунун картасынын номерин жазыңыз жана жазылган номердин тууралыгын тастыктаңыз;
- алуучунун ФААсын жазыңыз жана алардын тууралыгын тастыктаңыз;
- жөнөтүүчүнүн маалыматтарын жазыңыз жана алардын тууралыгын тастыктаңыз (алгачкы которууда гана);
- акчаны которуунун алдында маалыматтарды текшериңиз;
- "Төлөөгө өтүү" баскычын басыңыз;
- которуу эсебине жиберилүүчү акча каражаттары алына турган Орусия Федерациясынын аймагында чыгарылган банк картасынын маалыматтарын киргизиңиз;
- "Төлөө" баскычын басыңыз;
- картадан каражаттардын алынуусун тастыктаңыз (банктан алынган SMS-билдирүүдөгү кодту жазуунун жардамы менен);
- которуу жөнүндөгү маалыматты алуучуга билдириңиз.