Эгер таксиде иштөөнү пландап жатсаңыз же азырынча ойлонуп жатсаңыз, эң башында бир нерсени түшүнүп алуу маанилүү: эки вариант бар.
Биринчи вариант — таксопарктын унаасы менен иштөө. Бул учурда сизге баарын түшүндүрүп беришет жана дээрлик бардык документтерди сиздин ордуңузга бүтүрүп беришет.
Экинчи вариант — өз унааңыз менен иштөө. Мына ушул жерде нюанстар көбүрөөк, жана аларды алдын ала билип алуу абдан маанилүү.
Алгач баары сизде ОФ жарандыгы барбы же жокпу — ошого жараша болот.
Эгер РФ жарандыгы жок болсо:
Өз унааңыз болсо да, сизге сөзсүз таксопарк керек. Сиз ошол таксопарк аркылуу туташасыз, ал эми таксопарк агрегатор менен иштейт.
Агрегатор — бул айдоочу заказдарды алуучу тиркеме. Жөнөкөй айтканда, бул жүргүнчү менен таксисттин ортосундагы ортомчу. Жүргүнчү тиркемеден жол жүрүүгө заказ берет, агрегатор жакын айдоочуну табат, төлөмдү кабыл алат жана заказды айдоочуга өткөрөт. Орусиядагы эң кеңири тараган агрегатор — Яндекс Такси.
Таксопарктар иштөө шарттары боюнча айырмаланат. Айрымдары заказдардан жогору пайыз алышат, бирок документтерге, медкароого жана техкароого жардам беришет. Башкаларында пайыз төмөнүрөөк, бирок дээрлик баарын өзүңүз жасайсыз.
Ошондуктан таксопаркты тааныштардын кеңеши менен тандаган жакшы. Эң башкысы — адамдар менен тынч иштешүү жана дайыма көйгөйлөр чыкпашы.

Путёвка — милдеттүү
Ар бир линияга чыгардын алдында путёвка керек. Бул — медкароо (алкотестер, кан басым) жана унааны текшерүү. Путёвкасыз айдоого болбойт — айып пулдар абдан чоң. Сиз «досумду» алып баратсам да, Жол кайгуул кызматы аны кардар деп эсептеп коюшу мүмкүн.
Айып пулдар:
Лицензиясыз иштөө — 50 000 рубль айып пул, аны унаанын ээси төлөйт.
Маанилүү: эгер сизде ОФ жарандыгы жок болсо, туугандар үчүн унааны өз атыңызга каттатпаңыз. Бардык айып пулдар сизге келет, бул болсо өлкөгө кирүүгө тыюу салынганга чейин жетиши мүмкүн.
Эгер ОФ жарандыгы бар болсо
Бул учурда сиз түздөн-түз иштей аласыз. Керек болот:
- ИП ачуу;
- унааны аймактын талаптарына ылайык даярдоо (мисалы, Москвада — сары түс, облус аймагында — ак, сары сызык менен);
- документтерди чогултуу жана МФЦге тапшыруу.
Документтерден талап кылынат: паспорт, айдоочулук күбөлүк (стажы кеминде 3 жыл), айдоочунун медициналык справкасы, соттолбогондугу тууралуу справка.
Унаа үчүн: СТС, «такси» белгиси менен ОСАГО камсыздандыруусу, диагностикалык карта.
Текшерүүдөн кийин сизге 5 жылдык мөөнөткө QR-коду бар уруксат берилет. Анын негизинде сиз расмий иштеп, атайын бөлүнгөн тилкелер менен да жүрө аласыз.
Таксиде иштөө кадимки киреше алып келе алат, бирок баарын расмий түрдө жана документтер менен кылган учурда гана.





