2025-жыл эмгек мигранттары үчүн чоң өзгөрүүлөргө толду. Каттоонун жаңы тартиби, РКЛ-БААР(Байкоого алынган адамдардын реестри), патенттердин кымбатташы — жана адамлардын көбү бул жаңылыктардын натыйжасын сезе баштады. Эгер патент менен иштесеңиз, үйгө акча жиберсеңиз жана ОФда мыйзамдуу турууну кааласаңыз — жыл ичиндеги өзгөрүүлөрдү жана алдыда эмнени күтүүнү билип жүрүүңуз маанилүү.
Бул макалада негизги жаңылыктарды жана эми кантип жашоо, иштөө тууралуу пайдалуу кеңештерди беребиз!
АМИНА:
2025-жылдын 1-сентябрынан тартып Москва жана Москва облусунда иштеген чет өлкөлүктөр үчүн ИИМдин “АМИНА” расмий тиркемеси иштей баштады. Ал каттоону жөнөкөйлөтөт: эми мигрант 4 жылга чейин каттоодон өтө алат, ортомчуларсыз жана ашыкча кагаз иштерисиз.
Бирок нюанстар бар: мисалы, ГАИнин айрым эрежелери АМИНАга толук ылайыкташкан эмес. Ошондуктан автоунааны каттоо үчүн кээде эски кагаз түрүндөгү каттоо талап кылынат.
Кимдер тиркемени орнотууга милдеттүү:
— Визасыз өлкөлөрдүн жарандары, Москва же Москва облусунда жашап-иштегендер: Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан, Азербайжан, Армения, Казакстан, Грузия, Молдова, Украина;
— Орусияга Москва же Москва облусуна иштегени келгендерге - өлкөгө киргенден кийин 30 күн ичинде;
— Азыркы каттоосу 2025 жылдын 1-сентябрдан кийин бүткөндөр — эски каттоо бүткөндөн кийин 30 күн ичинде.
Тиркеме менен иштөө үчүн Көпфункционалдуу миграциялык борбордо берилчү чет өлкөлүк жарандын картасы керек.
РКЛ-БААР:
2025-жылдын февралында иштей баштады жана миграциялык мыйзам бузуу фактыларын полициясыз автоматтык түрдө каттайт. Ал ким миграциялык эрежелерди сактайт ким сактабайтынын көзөмөлдөйт.
Көп кездешкен себептер:
— Миграциялык картага штамп койдурууну унутуу;
— Эмгек ишмердиги жөнүндө билдирүүнү жибербөө;
— Патентти кечиктирип төлөө же реквизиттерди ката көрсөтүү;
— Эки же андан көп төлөнбөгөн айып пулдар;
— АМИНА аркылуу даректи тастыктабай коюу.
БААРне түшүү — патентти узартпоого тыйуу салынууга, РВП-УЖУ (Убактылуу жашоого уруксат) бербөөгө же өлкөдөн чыгарууга чейин алып келиши мүмкүн.

Бул көйгөйлөрдү болтурбоо үчүн биздин SalamPay тиркемесиндеги жаңы Migrant ID кызматын колдонсоңуз болот.
Migrant ID эмне кылат:
— Патенттин жана ишке орношуу билдирүүсүнүн статусун текшерет;
— Мөөнөтү өтүп кеткен документтер же бузуучулук болсо көрсөтөт;
— Маселелер чыкса дароо эскертет;
— БААРне жаңылыш түшкөн учурларды аныктоого жардам берет;
— Жана кандай чечүү жолдору бар экенин адистер түшүндүрүп берет.
Migrant ID колдонуу өзүңүздүн миграциялык статусуңузду убагында көзөмөлдөөгө жардам берет!
Патенттин кымбатташы:
Аймактардын көбүндө патент баасы өсүүдө:
— Москва жана Москва облусунда 2026-жылдан тартып айына 10 000 рубль, мурункудан 1 100 рублге кымбат;
— Кээ бир аймактарда, мисалы Краснодарда — айына 27 000 рублге чейин.
2025-жылдын аягына карата жыйынтык жана кеңештер
— Санарип кызматтарды колдонуу: АМИНА (Москва жана Москва облусу) жана Migrant ID - статусту жана документтерди көзөмөлдөө;
— Патентти жана эски айып пулдарды өз убагында төлөө;
— Бюджетти патенттин өсүшүнө жараша пландаштыруу;
— Эмгек ишмердиги жөнүндө билдирүүнү убагында тапшыруу.
2025-жылдын аягындагы эрежелер мигранттардан кылдаттыкты жана тартиптүүлүктү талап кылат. Каттоо, билдирүү жана патент төлөө эрежелерин так аткаруу — бул жөн гана формалдуулук эмес. Бул — Орусияда туруктуу иштеп жүрүүнүн, коопсуздуктун жана тынчтыктын негизги кепилдиги.





